Эркекти эркек кылган аял

Эркекти эркек кылган аял
9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:27

Аял киши өз теңин таап, баш кошкондон кийин күйөөсүнүн көңүлүн алып, ар дайым жанынан табылууга тийиш. Эркекти эркек кылып, жогоруга көтөрүп, арка бел болчу аял киши. Аялдар канчалык назик болгон сайын тез капаланып, күйөөсүнүн көңүл бөлгөнүн каалашат.

Эркек киши да сизден ошондой сооротуу менен көңүлдү күтөт. Ошондуктан төмөндөгү психологдун кеңешине көңүл бөлүңүз:

Даамдуу тамактарды даярдоону адатка айлантыңыз.

Кыйын иштер башына түшкөн кезде жанында болуп, колдоп туруңуз.

Маанайы жок болсо тынчын ала бербеңиз.

Ар дайым бетинен өөп туруңуз.

Катачылыгын бетине басып айта бербеңиз.

Өзгөлөрдүн көзүнчө урушпоого тырышыңыздар.

Айткан нерсесин аткарууга аракет кылыңыз.

Эч качан алдабаңыз. Себеби ортодогу мамилени ырбатып жибериши мүмкүн.

Күйөөңүз таарынтып алган кезде даамдуу тамагын жасап, көңүлүн алыңыз.

Маанайына маани бериңиз, эгер көңүлү жок болсо ар түрдүү суроолорду берип, тынчын албаңыз.

Эл алдында күйөөңүздүн жалаң гана жакшы жагын айтып мактап туруңуз.

Эркек киши бала сыяктуу кандай гана учур болбосун жүзүнө кубаныч тартуулап кубандыра билиңиз.

Сизге жасаган жакшылыгын эсиңизге түшүрүп, таарынычты жазыңыз.

Эң башкысы сүйүүлөрүңүз бекем болсо баарын жеңүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!