Качан үйлөнгөн ылайыктуу?

Качан үйлөнгөн ылайыктуу?
26-Окт. 2017, Бейшемби, 11:34

"Ылайыктуу жубайды гана тандабай, нике үчүн ылайыктуу күндү да тандай бил" деген сөз бар. Нике күнү бактылуу жашоонун кепилдиги боло албаса да жашоого сөзсүз таасири тийет. Андыктан, той күнүн тандоо - олуттуу эле маселе. Бул маселеге астрологдордун көзү менен карап, нике күнү үчүн оптималдуу учурду тапканга аракет кылып көрөбүз.

Нике күнүн тандоодо эмнелер эске алынууга тийиш?

Ар бир күндүн формуласы

Никеге туруу үчүн эң ийгиликсиз күндөр болуп шейшемби жана бейшемби эсептелинет. Анткени, шейшембини Марс планетасы башкарат. Марс - агрессивдүүлүктүн планетасы болгондуктан, бул күнү үйлөнгөн жубайлардын жашоосу көптөгөн уруш-талаштар менен коштолот жана ажырашууга чейин жетиши мүмкүн.

Бейшемби күндү башкарган Юпитер планетасы бул күнү үйлөнгөн жубайларга "үйдө ким кожоюн?" деген теманын үстүндө такай талаш-тартыш жаратат. Ошондой эле бул күнү баш кошкондор жашоосунда кызганчаактыкты жана ишенимсиздикти баштарынан өткөрүшөт.

Шаршемби менен ишемби да өтө жакшы эмес. Меркурийдин башкаруусу астында болгон шаршемби жубайларга салкын мамилени тартуулайт. Бул жубайлар бири-биринин баскан-турганын көзөмөлгө албай, эркиндикке басым жасашат. Бул жагынан алып караганда шаршемби өтө деле ийгиликсиз күн эмес.

Ишемби - өз үй-бүлөсү үчүн жеке жашоосун да, карьерасын да курмандыкка чалууга даяр адамдар үчүн гана ийгиликтүү болушу мүмкүн. Бул күндү башкарган Сатурн - өзүн-өзү чектөөнүн планетасы. Эгерде интеллектуалдык пикир алышууну, жан дүйнө жакындыгын, сексуалдык фантазияларыңызды өнүктүргүңүз келбесе, тоюңузду бул күнгө белгилей бериңиз. Мындан тышкары, көбүнчө мындай нике эсеп менен болот.

Дүйшөмбү күнү курулган үй-бүлөдө өтө назик эмоционалдык байланыш өкүм сүрөт. Жубайлардын мамилеси болбогон майда нерселер үчүн бузулуп кетиши мүмкүн. Бирок, бул жубайларды бири-бирине кош көңүл деп айтууга болбойт.

Нике үчүн эң жакшы күндөр - жума жана жекшемби. Жуманы гармониянын планетасы болгон Венера башкарат. Ал сүйүшкөндөрдү колдоочу планета катары саналат.

Жекшемби - Күн планетасынын астында өткөндүктөн, астрологдор белгилегендей, эң жакшы күн болуп саналат. Бул күн кубанычты гана алып келет. Эгерде сиз да жекшемби күнү турмуш курсаңыз, түгөйүңүз сиз үчүн шыктануунун булагы болуп эсептелинет, ал сиздин жеке жашооңузда болобу, карьераңызда болобу, эмне жөнүндө кыялдансаңыз, ошол кыялыңызды ишке ашырууга жардам берет.

Ай календары

Үйлөнүү алдында Ай календарына көңүл буруу маанилүү. Түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк жашоосуна Айдын да таасири бар. Астрологдор Ай жаңыргандан толгонго чейинки аралыкта үйлөнүүнү сунуш кылышат. Анткени, Ай өскөн сыяктуу жубайлардын мамилеси, ынтымагы да күндөн-күнгө өсүп-өнүгүп отурат дешет.

Нике күнү Ай үй-бүлөлүк жашоого жакын Букачар, Бөйөн, Тараза сыяктуу жылдыз белгилерге туш келип калса, бул эң жакшы. Ал эми Суу куйдуга туш келсе үйлөнгөн жубайлар бири-биринен тез тажашат, Чаян менен Бийкечке туш келсе, жубайлардын башына кайгылуу күн түшөт.

үйлөнүүгө ылайыксыз күндөр 9 унчу, 12 инчи, 15 инчи, 19 унчу, 20 нчы, 23 үнчү, 29 унчу ай күндөрү.

Идеалдуу күндөр 3 үнчү, 6 нчы, 12 нчи, 17 нчи, 24 үнчү, 27 нчи ай күндөрү.

Калган күндөр нейтралдуу болуп эсептелинет.

Никеге туруунун кажети жок болгон күндөрдүн дагы бири - Ай тутулган күн. Астрологиялык жактан алып караганда Айдын тутулушу - никенин бузулушунун белгиси.

Той ырымдары жана ишенимдери

Эгерде той болгон күнү күтүлбөгөн жерден кар же жамгыр жаап жиберсе, жаш жубайлар бай болот деген ишеним бар.

Жаш жубайлар көгүчкөндөрдү учурууда биринин бутуна көгүлтүр, биринин бутуна пушту ленталарды байлап койсо болот. Кайсы көгүчкөндүн бийик учканына карап бул үй-бүлөдө биринчи кыз төрөлөбү же эркек төрөлөбү, билип алууга болот.

Үлпөт көйнөгүнүн жаңысын сатып алуу же тиктирүү талапка ылайык, бирөөнүкүн карызга алып турууга болбойт. Той - акча үнөмдөөнүн кажети жок болгон жашоонун бир учуру, эгерде ушундай учурда акчаңызды сарамжалдасаңыз, анда өмүр бою карыздан башыңыз чыкпай жүрүп өтөсүз.

Үлпөт көйнөгүн, фатаны, туфлини, нике шакегин тойго чейин да, тойдон кийин да башкаларга кийип көрүүгө жол бербөө керек. Болбосо, үй-бүлөдө чыр көп болот.

Үйлөнүү тоюна байланышкан ырымдар өтө эле көп. Бул ырымдарга ишенүүнү же ишенбөөнү ар ким өзү чечсин. Бактылуу жашоонун формуласы - эки тараптын тең бирдей сүйүүсү, жан дүйнөлөрдүн айкалышуусу. Ошондо алар кайсы күнү үйлөнгөнүнө, кандай ырымды колдонгонуна карабай ийгиликтүү нике түзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!