Түгөйлөрдүн мамилеси канткенде бекем болот?

Түгөйлөрдүн мамилеси канткенде бекем болот?
28-Окт. 2017, Ишемби, 12:37

Түгөйүңүздү түбөлүккө кармаш үчүн...

Сүйүктүү адамыңызды таптыңыз. Ага суктанып, анын ар бир кыймылын көз жаздымыңыздан кетирбей... Айтор, сиз үчүн ал эң жакын адамыңызга айланды. Бирок, "канткенде сүйүктүүмдү түбөлүккө кармап калам?" деген суроо тынчтык бербей келет.

Жакшы сөз

Ар бир адам өзүнүн дарегине айтылган жакшы сөздү уккусу келет. Ал эми эркектер бул нерсеге өзгөчө басым жасашат. Ошондуктан, сүйүктүүңүзгө чын ниеттен жакшы сөздөрдү арнап туруңуз. Эркектердин жүрөгүнө жол бир гана ашказандан башталбайт. Анын жасаган жумушун, мүнөзүн баса белгилеп турсаңыз көңүлү көтөрүлүп, өзүн керектүү сезет. Бирок, аша чаап кетпеңиз. Эркектер жасалма мактоо менен чыныгы мактоону оңой эле ажырата алышат.

Энелик камкордук

Эркектер мойнуна албаганы менен түгөйүнөн кичине болсо да энелик мээримди күтөт. Сүйгөнүнө эркелеп, жылуулук издейт. Эркекти кармап калууга дал ушундай мамиле эффективдүү экенин адистер далилдешкен. Башкача айтканда, сиз жубайлык милдеттен сырткары энелик кызматты да чогуу ала жүрсөңүз экөөңөрдүн мамилеңер чыңалып, сүйүүңөр алоолонот.

Оң колу болуңуз

Көпчүлүк мырзалар айымдарга салыштырмалуу физикалык жактан чарчаганда ой жүгүртүүсү жайлап, эч нерсеге көңүл бургулары келбей калат. Бул учурда сиз ага бир күн кечке эмне жумуш бүтүргөнүңүздү, кимди көргөнүңүздү баштан аяк айтып бергиңиз келип турса да, өзүңүздү кармаңыз. Андан көрө анын жумушунун кандайдыр бир бөлүгүн өз мойнуңузга алып, ага жардам сунуштаганыңыз туура болот. Эркектердин көбү жеңилин жерден, оорун колдон алган айымдарды жакшы көрүшөт.

Алсыздык

Бардык эле учурда күчтүү боло бербей кээде алсыз болуп, сүйгөнүңүздүн жардамына зарыл экениңизди билдириңиз. Мындай кездерде жактырган мырзаңыз сиз үчүн отко-сууга түшүүгө даяр экенин сезесиз. Эркектердин дагы бир алсыз жери - алар дайыма өзүн бирөөгө керектүү сезгилери келгендиги. Мындай мүмкүнчүлүктү эч убакта колдон чыгарбай, ылайыктуу жерлерден колдонуудан качпаңыз.

Келбетке кам көрүү

Өзүнүн сырткы келбетине жакшы кам көргөн келишимдүү бийкечти көргөндө кайсы эле эркектин бүйүрү кызыбасын? Кокус сиздин жакын адамыңыз да ошондой айымдарга көңүл бөлгөнүн байкасаңыз аны жемелеп, уруштун башын башташтан мурда "менин ал айымдан эмнем кем?" деген суроону өзүңүзгө берип көрүңүз. Балким, сиз да көңүлдөнүп, сырткы келбетиңизге кам көрүп баштасаңыз түгөйүңүздүн көзүнө ошол айымдай эле келишимдүү көрүнө баштарсыз.

Эркин коё берүү

Кээде эркекке жармаша бербей, аны убактылуу эркиндикке коё берген учурлар да пайдалуу. Эң негизгиси, эркек өзүн эркин сезип, өз алдынча чечим кабыл алууга укугу бар экенин сезиши керек. Эгерде сизди чындап сүйсө кайрылып келет, кайрылбаса ага жакпаган, ал каалабаган жол менен кармаштын кереги жок экенин мойнуңузга алсаңыз сизге да, түгөйүңүзгө да жеңил болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!