Аялзаты акылдуу болсо жубай табышы кыйынбы?

Аялзаты акылдуу болсо жубай табышы кыйынбы?
30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 14:37

Сиз акылдуу, ийгиликтүү, сулуу, шайыр жана укмуштуудай идеялар менен максаттарыңыз бар, бирок ошону менен бирге жалгызсызбы? Кээде эң кыйын деген аялдар сүйүү сезиминин жетишпестигинен жапа чегишет. Бир кызыгы бул нерсеге аныктама бар.

Биринчиден, жалгыз жүргөндүгүңүздө жана чын ниет менен карым-катнаш курууга даяр болгонуңузда сиздин күнөөңүздүн жоктугу экенин түшүнүүңүз керек. Эркектер акылдуу, ийгиликтүү, күчтүү аялды жаныбызда көргүбүз келет деп ойлошот. Чындыгында алардын көпчүлүгү мындай аялдар менен жашай алышпайт! Эмнеге?

Балдар менен кыздарга изилдөө жүргүзүлүп, анда алар тест тапшырышкан. Андан кийин балдарга тест натыйжасына негиздеп кыздардын кайсынысы менен таанышкысы келгендиктери сурашкан. Жыйынтыгында жигиттер бул сынактан өткөн кыздар менен карым-катнаш түзүүдөн баш тартышкан. Эркектерге караганда аз упай алган кыздар тесттен өткөн кыздарга караганда басымдуулукка ээ болушкан.

Бул натыйжа маанисиз жана күлкүлүү сезилиши мүмкүн, бирок, чындык бойдон калууда. Бирок, балким, сиздей күчтүү жана акылдуу аялга, өзүнүн алсыз экендигин моюндаган жигит менен болуудан көрө күтө турганыңыз туурадыр. Ошондуктан эс алып, өз иштериңиз менен алектенгениңиз жөн. Эртеби кечпи сиздин жолуңузда милдеттүү түрдө акылыңыз менен эркиңизди баалай турган адам пайда болот!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!