Жигиттин оюндагы кыз кандай болуш керек?

Жигиттин оюндагы кыз кандай болуш керек?
9-Ноя. 2017, Бейшемби, 10:21

Кандай гана адам болбосун, бой жеткен кыз менен боз улан чагында өзүнүн болочок жубун теңдешсиз периштедей элестетет. Өң-келбети сүйкүмдүү, сымбатуу, сулуу, кулк-мүнөзү менен төп келген жанды издеп, өз идеалын калыпташтырат. Бирок, андай төгөрөгү төп келген адамды табуу оңойго турбайт. Кээде керек болсо ошол идеалды өмүрүнүн аягына чейин издеп өткөн адамдар аз эмес.

Психологдордун айтуусу боюнча, аялзаты болочок жарынын кандай экенин 95 пайызга билишсе, эркектер таптакыр элестете алышпайт экен. Себеби, алардын каалоосу убакыттын өтүшү менен дүйнө таанымына байланыштуу өзгөрөт экен. Менин тандоом ушул деп жаңылышып, кийин тандоосун өзгөртүп, ажырашуу көйгөйү да келип чыгууда. Демек, алардын оюнан чыгуу үчүн, кыздарыбыздын көркүнө акылы шай келүүсү керек. Мүнөзүнөн жумшак желдин илеби келип, эстүү жигитти эссиз сүйдүргөн кылык да керек. Керек болсо ушуга карата белгилүү журналдар сурамжылоо да жүргүзүшкөн. Сурамжылоонун натыйжасы боюнча, эр жигит жарында бул касиеттер болгонун каалайт экен:

Жигиттин оюн өзгөртүүгө таасир бериши ыктымал.

Мындайча айтканда, эркектер жубайынын алдында өзүн өзгечө сезүүсү тийиш. Камкор болуп, өзүн тирек санаган кезде гана алар бир бүтүн боло алышат. Дос-курбулардын арасында аны сыйлаган адам аркылуу анын даражасы өсөт. Жыйынтыктап айтканда ал өзүн чыныгы жигиттин султаны деп билүүсү тийиш.

Жубайын сыйлоо, арадагы мамиле. «Мени бирөө сүйсө деймин себепсиз» дегендей, кайсы гана адам болбосун өзүн атак-даңкы, же келбети, жыйнаган аброю үчүн эмес, жөн гана себепсиз жакшы көргөнүн каалайт. Ошол сыяктуу эле азаматтар да кыздардын чөнтөгүнө эмес, жүрөгүнө үңүлгөнүн туура санашат. Ортодогу карым-катнаштын канчалык адал экени сулуу бийкечтер тарабынан да билинип турат.

Кыялдагы кыз анын ата-энеси жана достору менен жакшы тил табыша алат.

Кайсы гана жигит болбосун өмүрлүк жарын издегенде эң биринчи, энесине окшош адам табууга тырышат. Анын алдындагы эң биринчи идеал аял – энеси. Ошондуктан да ал адамдар менен жакшы карым-катнашта болуусу – ар бир жигиттин эң биринчи талабы. Кийинкиси, албетте достору. Достору менен да жакшы мамиле кура билүүсү керек.

Ал эми кыздын мүнөзүндө себепсиз айыптоо менен күнөөлөй берүү сыяктуу терс касиеттер болбошу кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!