Жарыңыз ачууланбоосу үчүн эмне кылуу керек?

Жарыңыз ачууланбоосу үчүн эмне кылуу керек?
5-Дек. 2017, Шейшемби, 15:32

Ар бир адам өзүнүн кулк-мүнөзү менен, адаты менен, жашоого деген көз карашы менен өзгөчөлөнөт эмеспи. Аялы күйөөсүнүн эмнени жактырарын, эмнени жактырбастыгын билүүсү тийиш. Күйөөңүздүн көңүлүнөн чыгып, ортодогу мамилени жакшыртуу үчүн эмнелерди эске сактоо керек?

Таттуу тамак

"Эркектердин жүрөгүн ашказаны аркылуу багындырууга болот" деген сөз бекеринен эместир. Жумыштан кийин: «...дамдуу бир нерсе даярдап, койгон болор» деген ой менен ашыгып үйүнө келген күйөөсү эч нерсе даяр болбогонун көрсө, албетте, ачууланат. Ошондуктан, тамакты убактысында дамдуу кылып даярдап, жолдошуңуздун көңүлүн көтөрүңүз.

Балдарга, үй жумуштарына көңүл бөлүү

Эсиңизде болсун, жыйналбай чачык жаткан үй, багылбаган балдарды көргөн күйөөңүз экинчи ирет үйгө шашып келүүсү күмөн жаратат. Ушуга эле даярдалбаган тамакты кошуңуз.

Ысырапчылык

Жарыңыздын маңдай тери менен тапкан каражатын оңду-солду жумшап, болбогон нерселерди сатып алсаңыз ачууланары сөзсүз. Кандай гана нерсе болбосун күйөөңүз менен кеңешиңиз.

Туугандар менен тарынышуу

Жолдошуңуздун ата-энеси, туугандары менен сөз талашып, аларды таарынтсаңыз анда күйөөңүздүн жүрөгүнө жара салдым дей бериңиз. Ошондуктан туугандар менен мамилени болушунча жакшы, сый болгону оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!