Аталар эмнеге уул бала каалашат?

Аталар эмнеге уул бала каалашат?
8-Дек. 2017, Жума, 15:23

Баланын баары бирдей. Бирок көптөгөн эркектер тунгучун уул болуусун каалашат. Аталар үчүн балдары өмүргө келип, чоңойгон сайын уул балага караганда кыздары жакын болуп кетишет. Эл арасында жигит кызганчаак болсо, кыз төрөлөт деген ырым бар. Кыз балдар чоңойгондо башка үйдүн коломтосун жакканга кетсе да, төркүнгө каралашып, эркектерге карганда камкор болушат.

Жигиттердин биринчи уул баланы каалоосунун себептерин караштырсак. Бирге ойногусу келет. Эркектер эч качан чоңоюшпайт, ар дайым бала бойдон калышат деген кепти уккан чыгарсыңар. Алар балдары менен атышып, согушуп, мушташып ойногулары келишет. Колуна бир нерсени кармаганды жаңы гана үйрөнгөн баланын кандай иштерге жөндөмдүү экенин билбесе да өзү ойногусу келген оюнчуктарды алып келип берет.

Мындай учурда кыз балдарга караганда уул бала менен ойногон алда кайда жакшыраак көрүнөт. Өзүнүн кичинекей түрүн көргүсү келет. Туура өзүнө окшош кичинекей адамды көрүү ар кимге эле кызык болсо керек. Ал керек болсо кылыктарына чейин, сөздөрүнө, кыймыл-аракетине чейин сизди кайталагынын көргөн кезде жаратканга таң калбаска арга калбайт.

Мураскер. Ар бир эркек кишинин кыялы артынан туяк калтыруу. Өз атын, тегин улантуу бир уул болсо, башкалары кыз болобу, уул болобу – ал жагы тынчыздандырбайт. Ошол себептен тун баласы уул болуусун каалашат.

Кыз кишинин тарбиясы кыйын. Өзгөчө, азыркы заманда кыздарды тарбиялап өстүрүү өтө кыйын болууда. Адамдын тагдыры ниетине байланыштуу деген менен алдыда эмне күтүп турганын биле бербейсиң. Канча түрдүү адам, канча түрдүү көз караш, канчалаган ой бар. Кандай адамдын кандай мүнөзү бар экенин кыз балага үйрөтмөк түгүл, ата-эне өзү да ажырата албашы мүмкүн. Ошондуктан ал бойжетип, башка үйдүн босогосун намысы менен аттанганча ата-энеси кызын түйүнчөккө түйүп өстүрөт. Кээ бир аталар кыздарына коргон керек дешет. Эң биринчи коргону, тиреги атасы болоору анык. Бирок өзү менен катар өскөн агасынын болуусу маанилүү. Агасы бар кыздар алда кайда бактылуурак. Кошуласызбы?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!