Келин болууга даярсызбы?

Келин болууга даярсызбы?
13-Дек. 2017, Шаршемби, 12:45

Кыз бала болуп дүйнөгө келгенден кийин бой жетип, башка үйдүн босогосун аттанууга кадам таштоого дагы деле даяр эмес сыяктуу сезесиз. Ичиңиздеги тынчсыздануу, толкундоо кыйнап турса, анда психологдун кеңешине көңул буруңуз.

Өзүңүздү сыйлаңыз, ошондо гана өзгөлөрдү да сыйлаган болосуз.

Күйөөңүздү жакшы көрүп, эркелетиңиз.

Апаңызды эне ордуна коюңуз да жакшы көрүңүз. Сиздин да энеңиз кийин келининин кабагына карап калат.

Жакшы энени жаман келин жер кылат,

Жакшы келин жаман энени эл кылат.

Сылык-сыпайылык таанытуу,

Ак ниет, адал болуу,

Эмгекчил болуу,

Жоопкерчиликти сезүү,

Ачык кабак таанытуу,

Даамдуу тамак-аш жасоо

Калп айтпай, чынчыл болуу.

Жарына камкор болуу сыяктуу эрежелерди кармансаңыз кайын-журттун сүйүктүү келинине айланасыз.

Ар бир кыз бойжетип, ата-энесинин көлөкөсүндө эркелеп жүргөн чагын таштап, башка бир журтка барып, келин аталат. Өз коломтосун тутантып, үй оокатын алып кетип, эне аталып, жашоого жаңы бир жанды алып келет. Сүйүктүү жубай аталып, эне болуу - кыз баланын мактанычы жана бакыты. Буга өзгөчө ата-энебиз кубанат эмеспи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!