Эркектерде аялдарга караганда бош убакыт көп

Эркектерде аялдарга караганда бош убакыт көп
12-Янв. 2018, Жума, 11:01

Окумуштуулар эр жигиттердин аялдарга караганда бош убакыты 5 саатка көбүрөөк болоорун маалымдашты. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирет.

Улуу Британиянын статистика башкармалыгынын маалыматында эркектердин аялдарга караганда бош убактысы көп болоору айтылган. Бирок эркектер аялдарга караганда кыйын жумуштарды аткарышаары белгилүү.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, алар көбүнчө бош убактын достору менен, компьютер оюндарын ойноо жана спорттук мелдештерге баруу менен өткөрүшө турганы белгилүү болгон. Ал эми аялдардын бош убакыты 2000-жылдан бери эң төмөнкү көрсөткүчкө чейин кыскарган.

Сурам-жылоо натыйжасы боюнча, кыз-келиндер бир жуманын ичинде бала тарбиясы, үй жыйноо жана башка да жеке иштери менен алектенүүгө болгону 38 сааты гана калаары аныкталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!