Кандай аялдарды эркектер карабайт?

Кандай аялдарды эркектер карабайт?
26-Янв. 2018, Жума, 16:36

Аялдар өздөрүнүн жүрүм-туруму менен эркектерди коркутуп алышат деп эсептелинет. Андыктан, эркектер аялдарды бир канча топко бөлүшөт. Алардын ою боюнча айланып өтүш керек болгон айымдар булар:

Өтө эле табышмактуу аял. Аялда албетте, табышмактуулук болуш керек, бирок, өтө эле табышмактуу айымдарга эркектер кызыгышпайт. Ал аял кандай болот?

- Аны жолугушууга чакырганда так жооп бербей, миң шылтоонун башын айтат. Муну менен ал эркекти кыйнап жиберет.

- Айтылган убакта жигити телефон чалганда ал телефонго жөн эле келе койбойт.

- Туура чечимди чанда кабыл алат.

- Мамилени мексикалык сериалдардан бетер татаалдаштырып жиберүүгө жөндөмдүү.

Андыктан, мындай аялга эркектин психикасы көпкө туруштук бере албайт да, ага караганда тез чечим чыгарган жана телефонго тез келген аялга кетип калат.

Материалдык пайданы көздөгөн аял. Мындай аял сулуу, сексуалдуу келет. Ал өзүнүн сырткы артыкчылыктарын жарыя кылып, максатына жетүү үчүн аны колдонууга жөндөмдүү. Мындай айымга эркектер учуп-күйүп, от болуп жанышат. Бирок, эртеби-кечпи күйүп калышат да, реалдуу турмушта мындай айымдын керек эмес экендигин түшүнүшөт.

Байлыктын мергенчиси. Мындай аял төгөрөгү төп келген жомоктогудай жашоодо жашаганды каалайт, бирок, таман жорутуп өзү иштөөнү каалабайт. Өмүр бою бардар турмушта жашоо үчүн 80 жаштагы миллионерге турмушка чыгып алууга даяр. Бул айымдын максатын түшүнүп калган бай мырзалар байлыгынан кол жууп калбоо үчүн андан өзүн алыс кармоого аракет кылышат.

Өзгөрүлмө аял. Бул айым өзүнүн оюн ар эки мүнөт сайын өзгөртүп турат, белгилүү бир чечимди кабыл ала албайт. Анын маанайы чагылгандай тез өзгөрөт. Баарынан кызыгы, мындай айым өз кемчилигин жарыялап алат да, убагында түшүнө коюп кечирим сурап кирет. Бирок, эркек эртедир-кечтир мындай түшүнүксүз "аба-ырайынан" чарчап, тынчтыкты эңсеп калат.

Баарын билген айым. Көптү билген албетте жакшы, бирок, мындай "басып жүрүүчү энциклопедия" айым эркектерге жага бербейт. Анткени, мындай айым оюн эркекке таңуулап, өзүнүн тууралыгын далилдөөгө аракет кылганы кылган.

"Стерва" айым. Эркектердин "стерва" айымга таптакыр үйлөнгүлөрү келбейт. Мындай аял башкалардын көңүлүн өзүнө канчалык тез бурса, ошончолук тез чарчатат. "Стерва" айым эркектерди баалабайт, анын ою боюнча алардын баары акмак.

Арызчыл аял. Качан болсо арыз-арманын айтып, жумушунун жамандыгына, атүгүл бут кийиминин өйкөгөнүнө нааразы. Ал өзүн дайыма бактысыз, жардамга муктаж кылып көрсөтөт. А эркектер бактысыздарды жана жардамга муктаждарды сүйүшпөйт.

Көзөмөлдөгүч аял. Бул айым эркектин жашоосун бардык жагынан көзөмөлдөй берет: ич кийиминен баштап досторуна чейин. Мындай аялдан эркектер дароо эле качат.

Өзүн алып жүрүүнү билбеген аял. Башкача айтканда, ал ичет, чегет, сөгүнөт, урушат жана башка. Мындай аялдын эркекке эмне кереги бар, эгер анын мындай достору жетиштүү болсо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!