Кыз-келиндерге кеңештер

Кыз-келиндерге кеңештер
30-Янв. 2018, Шейшемби, 10:20

Аялдар үчүн күндөлүк толтурган эркектер менен жолукпай эле коюу туура болот. Себеби мындай адамдар сезимтал боло алышпайт. Алар кекчил келишкендиктен алардын акылында да дайыма жаман, терс нерселерди сакташат. Адистер ошондой эле тырмагы узун болгон эркектерден да алыс болууну сунуштайт. Себеби андай адамдар катуу болушат экен. Көзгө карабай акырын сүйлөгөн жигиттердин да коркунучтуу болоорун билдирет.

Акылдуу эркек баарын түшүнөт, жакшы аялды да билет жана аны эч ким менен алмаштырбайт. Сиз да сүйүктүү, жакшы жубай болууну каалайсызбы, анда сизге бир гана каалоо керек:

Эч качан арак ичкен адамга турмушка чыкпаңыз, аны оңдоп алам деп да үмүттөнбөңүз.

Анын ата-энесинин кандай адамдар экендигине, айрыкча атасына көңүл буруп кандай үй-бүлө курганын баамдап көрүңүз.

Аялына кандай мамиле жасайт, эмнелерди талап кылат жана өзү үй-бүлөгө кошкон салымын байкаңыз.

Адамдык сапаттарыңыз бири-бириңизге дал келеби аны тактаңыз.

Театр, концерт жана көргөзмелөрге барууну сунуштаңыз. Бул көрүнүш адамдын көңүлүн көтөрүүгө жана ошондой эле үй-бүлөлүк мамиленин жакшыруусуна көмөкчү болот.

Жаман адамдар менен мамиледе болуусуна жана катташуусуна тартынбай эле тоскоол боло билиңиз.

Башынан эле өзүңүздүн сырткы көрүнүшүңүзгө көңүл буруңуз, себеби башкалардын сулуулугуна азгырылып кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан бул темага кеп маани берүү сунушталат.

Даамдуу тамак даярдоого аракет жасаңыз, себеби, эркектин сүйүүсүнө ашказан аркылуу бараарыңызды да унутпаңыз.

Ар бир үй-бүлөдө боло келген кризистерге сабырдуулук менен мамиле кыла алсаңыз анда жеңиш сиздики. Себеби, эркек баш болсо, аялы аны көтөргөн жана ар тарапка бура алган моюндун кызматты аткарат эмеспи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!