Үй-бүлөдөгү берекени сактап калуунун жолу

Үй-бүлөдөгү берекени сактап калуунун жолу
3-Фев. 2018, Ишемби, 16:03

АКШнын Джорджия университетинин окумуштуулары жубайына алкыш айтып туруу – үй-бүлөлүк мамилени жолго коюнун эң пайдалуу жолу экенин айтышты. Алар 468 никедеги адамдын катышуусу менен өткөн изилдөөдөн кийин ушундай жыйынтыкка келишкен. Бул тууралуу “Дни.Ру” маалымат булагы билдирет.

Алар изилдөөгө катышкан адамдар тууралуу толук маалымат жыйнашкан. Алардын каржылык абалын, үй-бүлөдөгү мамиленин өзгөчөлүгүн, канчалык бири-бирине алкыш айтып көңүлдөрүн көтөрө тургандыктарынан бери изилдеп чыгышкан.

«Биз жубайлардын бири-бирин сыйлап, баалап, баарынан кымбат тутарын сезген адам үй-бүлөсүнүн берекесин сактап калуу үчүн болгон күчүн салып, тырышаарын байкадык. Керек болсо, үй-бүлөнүн башына кыйын күн туш келгенде, өз зайыбына деген ыраазычылык сезими аларды бул кыйынчылыктан оңой алып чыгат», - дейт изилдөөчүлөрдүн бири Тэд Футрис.

Окумуштуулары жөнөкөй гана «рахмат» сөзүн көп айтып туруу, негативдүү сезимдерди жоюуга себеп болоорун айтышат. Алар ошондой эле бекем никени алсыз никеден ажыратып турган нерсе – аялы-күйөөсүнүн күндө бири-бири көрсөткөн сый урмат сезими экенин маалымдашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!