Беш ийгиликтүү аялдын таңкы маалы

Беш ийгиликтүү аялдын таңкы маалы
11-Март 2018, Жекшемби, 21:39

"Таңды кандай тоссоң, күнүң ошондой ыргакта өтөт",-демекчи баарыбыз үчүн эртең мененки маал кымбат баалуу убакыт болуп саналат. Башаламандык менен ызы-түшкөнгө чейин дүйнө жүзү боюнча тынчтык сүргөн акыркы мүнөттөр... Эгер сиз ушул убакытка чейин таңды кандай тосуу керек экендиги тууралуу ойлонбосоңуз же сиз бул маалга жеткиликтүү деңгээлде убакыт бөлбөй келген болсоңуз, анда бул жагдайды калыбана келтирүү убактысы келди. Ал үчүн дүйнөнүн алдынкы аялдарынын таңкы маалы кандай өтөөрүн билип алсак бизге жакшы мотивация болуп бериши мүмкүн. Баардык ийгиликтүү аялдардын айтуусу боюнча, эртең менен күнүмдүк турмушту колго алып жана аны адатка айлантуу коркунуч менен стресске каршы күрөшүүдө өтө пайдалуу. Күнүмдүк жумуш жасоо тынч, ийгиликтүү жана жакшы натыйжа берет. Эгер мындай таңкы адатыңыз болбосо тынчсызданбаңыз. Ийгиликтүү аялдардын пайдалуу адаттарынын жакшы жактарын тандап өзүңүзгө адатка айлантыңыз.

1. Арианна Хаффингтон

Американын “Huffington Post” маалымат сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана “Thrive Global” башчысы Арианна Хаффингтон өзүнүн эртең мененки күн тартиби: «Менин эртең мененки убактымдын көпчүлүк бөлүгү мен жасай элек иштерден башталат. Эртең менен ойгонгондо, мен күндү телефонду кароодон баштабайм. Тескерисинче, мен бир мүнөт терең дем алып, ниет коюп жасала турчу иштерди ойлонуштурам”.

2. Роузи Хантингтон-Уайтли

Модель жана актриса Роузи Хантингтон-Уайтлинин айтуусу боюнча, эртең менен күйөөсү Джейсон Стэтхэм менен убакыт өткөрөт экен. Хантингтон-Уайтли эртең мененки күн тартиби ити менен сейилдөө, Палео диетасына ылайык таңкы тамак даярдоо жана мүмкүн болсо кардиохирургиялык машыгуу жасоого жетишет. Кээ бирөөлөрүбүз кеңседе отурган маалда, Хантингтон-Уайтели чачын жана макияжын жасатып бүткөн болот.

3. Пайал Кадакия

Үйдө фитнести онлайн-машугуу ыкмасын сунуштаган жана “дүйнөдөгү эң чоң фитнес зал” болуп эсептелген “ClassPass”тын түзүүчүсү Пайал Кадакия. Ал эртең менен телефонду ачып, андагы маалыматтарды кароо менен баштайт. Жашоосун фитнес менен өткөргөн Кадакия, эртең мененки күндү фитнес менен баштаганды жакшы көрөт. Тура элек жатып кофе ичүүнүн ордуна, 30 мүнөт чуркап же убакыт аз болсо 10 мүнөттүк көнүүгүү жасарын айтат. Кадакиянын эртең мененки күнүнүн өзгөчөлүгүнүн бири- ал күндө эртең менен 10 жыл бою ичкен жөнөкөй кофе болуп саналат.


4. Гвинет Пэлтроу

Гвинет Пэлтроу, актриса жана “Goop”тун негиздөөчүсү эртең менен алгач эле лимон кошулган ысык суу ичүү менен башталаарын айтат. Балдарын мектепке даярдап узаткан “Оскар”дын ээси саат 10.00 чейин келген каттарды карап чыгып, машыгуу үчүн бир саат убактысын бөлөт экен.

10. Виктория Бекхэм

Мурунку поп-жылдыз жана азыркы учурдагы дизайнер Виктория Бекхам балдары ойгоно электе жарым саат убактысын өзүнө бурат. Ал жарым саатта душка түшүп, каттарды текшерип, жемиштер, жашыл чай жана бир чыны кофе менен таңды тосуп алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!