2017-жылы айыл чарба тармагын колдоо бир нече долбоорлорду каржылоо аркылуу жүргүзүү пландалып жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү божомолунда айтылат.
Маалыматка караганда, 2017-жылы айыл чарба тармагына 4 млрд. 407,9 млн. сом инвестиция жумшалат. Үстүбүздөгү жылы каржылануучу долбоорлорго төмөнкүлөр кирет.
-Дүйнөлүк банк тарабынан “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” жүргүзүлөт.
-“Мал чарбасын жана базарды өнүктүрүү” Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду.
-“Мал чарбасын жана базарды өнүктүрүү -2” Эл аралык айыл чарба өнүктүрүү фонду.
-“Жайыттарды башкарууну жана мал чарбасын жакшыртуу” Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы.
-“Кыргызстанга айыл чарба техникаларын алып келүүнү каржылоо. Евразия өнүктүрүү банкы.
-“Айыл чарба багытын жана айыл аймактарын өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо” Польша мамлекети.
Ошондой эле “Айыл чарбасынын өндүрүүмдүлүгүн жогорулатуу жана тамак-ашты жакшыртуу” Айыл чарба жана тамак-аш коопсуздугу боюнча глобалдык фондунун эсебинен.
-“Агрокаржылоо наркына кошулган чынжырчасы” Европалык иннвестициялык банкы жана Германиялык өнүктү банкы тарабына каржыланат