​Дыйкандарга 130 миң тонна май керек

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:56

Быйыл жазгы-талаа жумуштарына 130 миң тонна күйүүчү май керектелет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт жазгы-талаа жумуштарына карата мунай ташуучулар ассоциациясына дыйкандарды күйүүчү жана майлоочу май менен камсыздоону сунуштады. 130 миң тонна күйүү майларды ташып келүү аткарылса быйылкы жазгы талаа жумуштарын толук көлөмдө аткарууга мүмкүн болот. Кыргызстанга жыл сайын 92 миң 653 тонна дизелдик күйүүчү май, 29 миң 653 тонна автобензин, 5 миң тонна дизель майы жана 2 миң 694 тонна кыймылдаткыч майлары керек болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!