Фермерлерге 2 млрд. сомдук насыя берилди

Фермерлерге 2 млрд. сомдук насыя берилди
25-Май 2017, Бейшемби

2017-жылы атамекендик 6,5 миң фермерге насыя берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн парламенттеги толук ыйгарымдуу өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, фермерлерге 2,5 млрд. сом өлчөмүндө насыя берилген.

“Бүгүнкү күндө “Айыл чарбасын каржылоо-5” программасынын алкагында фермерлерге 2 млрд. 510 млн. сомго барабар 6,5 миң насыя берилди. Анын 460 млн. сому өсүмдүк өстүрүүгө, 1 млрд. 860 млн. мал чарбасына берилсе, ал эми кайра иштетүү тармагына 250 млн. сом берилди”,-дейт Темирбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!