Богок тууралуу

23-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:42

Йод жетишсиздигинен пайда болуучу оорулардын ичинен богок оорусу жыл санап көбөйүп жатканын дарыгерлер айтып келишет. Бул ооруну убагында дарылоо зарылдыгын эскертүү менен бирге богоктун алдын алуунун жолдоруна жана анын пайда болуу себептерине токтолобуз.

Богок же зоб оорусу калкан безинин иштөө функциясынын начарлашынан улам пайда болот. Калкан бези адамдарда кекиртектин алдынкы жагында орун алган. Калкан безинин оорусу моюндун жоонойуп кетүүсүнө алып келет. Богок оорусуна чалдыккан кезде, калкан безинин кызматы бузулуп, гормондор бирде аз, бирде көп өлчөмдө бөлүнөт.

Бул оору чыгармачылык адамдарда гана эмес, баардык кесип ээлеринде болот. Анын себеби тукум куучулук, инфекциялар, психикалык жаракаттар, организмдин алсыроосунан, чарчагандыктан, депрессия, борбордук нерв системасынын жабыркашы, жыныс бездеринин оң иштебөөсүнөн келип чыгат. Күн тартибине багынбай, түндө уктабай, убактысында тамактанбай жүргөндүктөн бул ооруга чалдыгышат. Аларга диффуздуу токсикалык богок кирет. Калкан безинин гиперфункциясы менен гипеплазиясынын кесепетинен пайда болгон богок кандай болот? Анда адамдын эске сактоо жөндөмү төмөндөп, депрессияга, нервдин жабыркашына, теринин кургап, чачтын түшүсүнө, дене температурасынын төмөндөшү, организмге суу жыйналып, стресстин кесепетинен ашыкча салмак кошуп же болбосо арыктап кетет.

Кыргызстан йод жетишпеген аймакка кирет. Ошондуктан ар бир адам жеп жаткан тамагынын курамындагы йодго өзгөчө маани бергени жөн. Йод жетишпөөчүлүгү тахикардия, колдун калтырашы, диффуздук токсикалык ооруларга себеп болот. Тынчсыздануу пайда болуп, булчуң эт алсызданат. Күчөп кеткен учурда организмдеги туз менен суунун балансы бузулуп, тамактын астындагы без шишип, адамдын көздөрү сыртка чыгып, беттери өзгөрүп, дем алуусу кыйындайт. Нерв талчаларынын кыймылы төмөндөп, мээнин иштөөсү өзгөрөт. Жүрөктүн минуталык согушу жайлайт. Миокард гипоксиясы калыпташат. Тамак-аш сиңирүү процесси бузулат. Богок оорусунан дарылануу дүйнө жүзүнүн ден соолук сактоо уюмунун эрежеси баардык жерде бирдей.

Богоктун түрү көп. Анын ичинен көп тараганы-эндемиялык богок. Богок оорусунда адамдын калкан бези жабыркайт. Аны аныкташ үчүн калкан безинин көлөмүн текшерүү зарыл. Ал УДИ (ультрадобуштук изилдөө) жолу менен аныкталат. Норма боюнча аял кишиники 18 см 3ге чейин болсо, эркектердики 25 см 3ге чейин болушу керек. Бул көрсөткүчтөрдөн жогору болсо, ал эндемиялык богок деп аталат.

Анын үч түрдө сыпатталат:

1. Калкан бези көрүнбөйт, сыйпалаганда сезилбейт.

2. Калкан бези көрүнбөйт, бирок сыйпалаганда сезилет.

3. Калкан бези жуткан кезде көрүнүп турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!