Учактардын кыймылдаткычтары текшерилет

19-Апр. 2018, Бейшемби, 17:37

АКШнын Федералдык авиациялык башкармалыгы CFM56-78 кыймылдакычтарга ультра добуштуу изилдөө жүргүзүүнү чечти. Бул “Southwest Arlines” компаниясынын учагындагы окуядан улам болду.

Аталган башкармалык учактардын колдонууга жарактуулугун эки жумада билдиришет. Анда 200дөн ашык кыймылдаткыч текшерүүдөн өтөт.

Эскерте кетсек, шейшемби 17-апрелде кыймылдаткычы жабыркаган “Southwest” авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учагы Филадельфия аэропортуна конгон. Анда бир жүргүнчү көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!