Эхинококкоз

28-02-2017

Эхинококкоз-адамдарда жана жаныбарларда кеңири жайылган кооптуу мите оорулары болуп саналат. Ал боор, өпкө жана башка органдарда мителик кылуучу эхинококк личинкасы пайда кылган оору. Эхинококкозду козгоочу мите курттары "Echinococus granulosus" жип сымал курттар болот.

Азыркы убактарда республика боюнча бул оору менен катталгандардын саны өсүүдө. Ошону менен бирге бул оорунун оор түрү болгон-альвиекоккоздун күчөшү байкалууда.

Адамдар кандай жолдор менен жуктуруп алышат?

Бул мите курттары 1-1,5 см ге жетет. Эхинококк ит, мышык, бөрү, чөө, түлкү жана башка жаныбарлардын ичегисинде мителик кылып, мите ичегиде өсүп жетилет. Анын денесинин акыркы бөлүкчөсү жумурткалары менен кошо үзүлүп, заң менен айлана-чөйрөгө бөлүнөт, тегерегиндеги чөп, бакча, буюмдарды жана башкаларды булгайт. Тагыраак айтканда, тегеректеги короо жай, чөп, балдар ойногон жерлер булганат. Эскерте кетүүчү нерсе иттин заңы аркылуу тараган жумурткалардын көбү иттердин жүнүндө жашайт. Иттин ичегисинде алар 1000 ге жетет жана алар 9-12 айга чейин жашай алышат. Жумурткалар сырткы чөйрөнүн температурасына чыдамдуу келгендиктен, айлана- чөйрөдө бир нече айга чейин сакталып, адам баласына жана малга оору пайда кылуу коркунучун туудурат. Ушундан улам көбүнчө жаш балдар ит менен ойногондон кийин колдорун жуубай тамактанып, оору жугузуп алышат. Ошондой эле мите койдун жүнүн кыркканда жана митенин жумурткалары менен булганган тамак- аштарды жегенден улам жугат.
Ал эми ит ооруган малдын өпкө-боорун жегенден кийин ооруйт. Андыктан ооруган малдын өпкө- боорун жерди терең казып көмүп салыш керек.
Эхинококк адам организмине кирбей эле өзү өсүп жетилүү циклин ит жана малдын ичегисинде уланта алат. Бирок адамдар өзүлөрү ушул ооруну билбестик кылып жугузуп алышат. Эң алгач боор, андан кийин өпкө жабыркайт.

Акыркы мезгилде өзгөчө өөрчүп кеткен оорулардын бири альвеококкоз дарты. Бул дарт адамдын боорунда кездешет, кээде боордон башка органдарга да тарап кетет. Альвеококкоз тараганда мээге, жүрөккө, өпкөгө кетиши мүмкүн. Бул ооруну таратуучулардын бири болуп көпчүлүк учурда жапайы жаныбарлар карышкыр, түлкү, чөө жана келемиштер болушат. Бул оорунун дагы бир айырмасы ыйлаакча конгломерат личинка түрүндө болот. Ошол эле убакта бул ыйлаакча жарылып башка органдарга метастаз бере алат.


Белгилери:

Мителердин жайгашкан жерине, көлөмүнө, санына жараша болот. Боордо эхинококкоз акырындык менен өөрчүгөндүктөн, оорулуу бир канча жылга чейин ооруну сезбей жүрө бериши мүмкүн.Качан гана ыйлаакча чоңойгондо боордун көлөмү да чоңоет. Бул учурда оң кабырганын, кемирчектин алды ооруп, ичте шишик пайда болот. Ошондой эле оорулуу алсырап тамакка табити тартпай арыктап кетиши күтүлөт.
Эхинококк ыйлаакчалары боордо эле өспөстөн, бир эле учурда өпкө, көк боор, ичеги карында да болушу мүмкүн. Бул учурда ооруган адам жөтөлүп, кээде кан аралаш какырып, дем алуусу начарлайт. Мындай белгилер адам өпкөсүнө оору жуккандан кийин бир эки жылдан соң билинет.
Ал эми альвеококкоз шишик сыяктуу болот. Анын алгачкы белгилери адам алсырап, арыктап, ичкен тамагын аш кыла албай, тамакка табити төмөндөй баштайт. Өңү кубарып кетет. Андан кийин боору ооруп, салаңдап оорлошо баштайт. Көпчүлүк адамдар ушундай белгилерге көңүл бурбай жүрө беришет. Анан абдан өтүшүп, шишик чоңоюп кеткенде гана дарыгерлерге кайрылышат. Ден соолугун жакшыртуу максатында операциялар жасалат. Бирок толугу менен ал адам операциядан айыкпай калышы ыктымал. Бул дартка чалдыккандардын 95%ы жаштар. Мындай дарт менен кеч кайрылгандар операция жасагандан кийин майып болуп калышат.

Кантип алдын алуу керек?

Дартты алдын алуу үчүн:
-иттерди тамак-ашка жолотпоо керек
-балдарды ээсиз калган жаныбарлар(ит, мышык) менен ойношун көзөмөлдөө
-милдетүү турдө өздүк гигиенаны сактап- үй жаныбарларын тейлегенден соң колду самындап таза жуу зарыл
-ар дайым үй жаныбарларын ветеренардык көзөмөлдөн өткөрүп туруу кажет.




Эскертүү! Эхинококк дартына кабылган малды (итти) жем берип тамактандырууга такыр болбойт.
Заманбап диагностикалык методдор адамдагы бул дартты башталышында эле байкай алат. Ооруну бир гана хирургиялык жол менен дарылоого болот. Андыктан тазалыкты сактап, эгерде жогорудагыдай белгилер байкалса, дароо дарыгерге кайрылуу керек.

Кыргызстанда акыркы жылдары эхинококкоз жана и альвеококкоз дарттары күч алууда. 2016-жылы эхинококк дарты боюнча 449 учур, 2015-жылы 577 учур 23,8 пайызга азыраак катталган.
Көпчүлүк учурда айыл тургундары мал менен иш алып баргандыктан бул дартка кабылышат. Азыркы учурда 90-95 пайыз бейтаптар 20-45 курактагы адамдар көбүрөөк кайрылышат.

Бишкек шаардык ГСЭН врач паразитолог Орокчиева Гулкайыр Тентиева

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!