Ханзааданын тою: коопсуздук чаралары

20-Апр. 2018, Жума, 12:51

Жакында принц Гарринин үйлөнүү тою өтөт. Ага карата Виндзор сарайында коопсуздук чаралары көрүлө баштады. Атайын даярдалган иттер аркылуу телефон менен сүйлөшүүчү жайларды, канализация кудуктарын, сарайдын өзүн текшерүүгө алышты. Ал жакта жардыруучу түзүмдөрдү, башка кооптуу нерселерди издөөгө алышат.

Полиция кызматына иш табылды. Тынымсыз иштердин негизинде бардык туристтик өтмөктөргө бетон тосмолору орнотулду. Бардык дүкөндөр жана башка коомдук жайлар тинтүүгө алынды.

Ал күнү шаарчанын көчөлөрүндө королдук кызматтарга тиешеси барлар гана жүрө алат.

Британия, дегеле дүйнө жүзү күткөн үйлөнүү үлпөтү тынч, ар кандай кеп сөзү жок өтүшү керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!