Краковецкий - дүйнөдөгү күчтүү балбан

1-Июнь 2017, Бейшемби

Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий дзюдо боюнча дүйнөдөгү күчтүү спортчулардын 10-катарына илинди. Бул тууралуу 30-майда Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтында жарыяланган.

Краковецкий Бакуда өткөн Ислам тилиектештигинин оюндарында алтын, Гонконгдо өткөрүлгөн Азия чемпионатында коло байгени утуп алган. Бул көрсөткүч менен спортчу 1720 упай топтоп, 100 кг салмактагы категориялар арасында дүйнөдүгү күчтүү балбандардын 10-катарына кирди.

Өткөн рейтингде спортчу 14-орунга ээ болгон ээлеген болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!