Майк Тайсон зомбулукка дуушар болгон

26-Июль 2017, Шаршемби

Америкалык мушкер Майк Тайсон бала кезинде сексуалдык мүнөздөгү зордук-зомбулукка дуушар болгон. Бул тууралуу оор салмактагы абсолюттук дүйнө чемпиону, мушкер "ESPN" телеканалына берген маегинди билдирди.

“Буга чейин мен бул жөнүндө эч кимге айткан эмесмин. Ал окуя менин жашоомо анчалык деле чоң таасир эткен жок. Мени кайраттуу да кылган жок”,-деди ал.

Мушкерди кылмышкерлер күч колдонуп бир ээн үйгө алып кирип, зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Ошол окуядан кийин Тайсон бокс дүйнөсүн тандап алууга түрткү берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!