Стамбулда катуу нөшөр жаады

19-Июль 2017, Шаршемби

Түркиянын Стамбул шаарында 18-июлда эртең менен башталган жамгыр селди пайда кылды. Маалымат каражаттарында 1985-жылдан берки эң катуу нөшөр экени маалымдалды.

Шаардагы Бүйүкшехир муниципалитетинин акыркы абал боюнча билдирүүсүндө метеорология кызматы жамгыр менен бирге шамалдын ылдамдыгы саатына 70-80 чакырымга жетип жатканын жазды.

Транспорт, деңизчилик жана коммуникация министрлиги кыймылды токтоткон аба ырайынын шартына кадимки апаат деген сыпаттама берген. Ошону менен бирге каттамдар калыбына келгиче жеке унаа эмес, коомдук транспортту пайдаланууну эскерткен.

Премьер-министр Бинали Йылдырым кайрылуусунда абал көзөмөлдө экенин, жоготуулар жок экенин билдирген.

Метролор жабылды

Стамбулда жамгырдын кесепетинен айрым метролор убактылуу ишин токтотту. Базар жана кеңселерди, жер астындагы өтмөктөрдү суу каптады. Жол жээгиндеги бак-дарактар кулады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!