Кытайда көп балалуу үй-бүлөлөргө акча төлөнөт

20-Июль 2017, Бейшемби

Көп балалуу болууга каршы болуп келген Кытай бийлиги эми бирден ашык баласы болгон үй-бүлөлөргө акча төлөгөнү турат. Анын суммасы учурда талкууланууда. “France Info” телеканалынын маалыматына караганда ал бир нече миң еврого жетиши мүмкүн. Бул боюнча пикир айткан демограф адистер КЭР эки балалууларды үй менен камсыз кылуу сыяктуу социалдык жеңилдиктер менен камсыз кыларын болжолдошууда.

Буга чейин мындай шарттар жалгыз бала менен чектелгендерге түзүлгөн.

Бир үй-бүлө – бир бала

Кытайдын визиттик карточкасы болгон “Бир үй-бүлө – бир бала” саясаты 1970-жылы Коммунистик партиянын лидери Дэн Сяопин тарабынан киргизилген. Ага өлкөдөгү калктын өсүүсүнө алып келген демографиялык абал себеп болгон. Буга карата көрүлгөн чаралар бойдон алдырууну мыйзамдаштырууга, эреже бузгандарга айып пул төлөтүүгө жол берген.

Ал эми бул саясат Кытайда эки этапта 2013, 2015-жылдары жоюлган. Жаңы демографиялык стандарттар 2016-жылдын 1-январынан баштап киргизилген. Өткөн жылдын жыйынтыгында төрөттүн саны таасирдүү деңгээлде өскөнү же 1,3 миллион бала жарыкка келгени жарыяланган. Өлкө бийлигин бул көрсөткүчкө канааттанган эмес. КЭРдин планына ылайык 2020-жылга карата жогорудагы көрсөткүч 17-20 миллионго жетиши керек.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!