Венесуэлада үч адам көз жумду

27-Июль 2017, Бейшемби

Каршылык акциялары жүрүп жаткан Венесуэлада бир суткада үч адам көз жумду. Ал эми жалпысынан мындай көрүнүштөрдөн курмандыгы 103кө жетти.

“Nacional” порталынын маалыматына караганда Мерида штатында 26-июль, шаршембиде кечинде Эндерсон Кальдера аттуу жаш жигитке ок жаңылып көз жумган. Ошол эле күнү аталган аймакта козголоңдун дагы эки катышуучусу курман болгон.

Венесуэлада оппозициянн өкүлдөрү Николас Мадуронун өкмөтүнөн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү, оппозицияга эркиндик берүүнү талап кылууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!