Жылдыздар бороондон жабыркагандарга жардам берет

31-Авг. 2017, Бейшемби

Америкалык актер Леонардо Ди Каприонун кайрымдуулук фонду АКШда болгон «Харви» ураганынан жабыркагандарга бир миллион доллар бөлдү.

Буга чейин америкалык реалити-шоунун жылдызы Ким Кардашьян куюндун кесепетин жоюуга 500 миӊ доллар берери кабарланган.

Шейшембиде актриса Сандра Буллок Кызыл Чырым коомуна бир миллион доллар бөлгөн. Ал жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жиберилмек.

Ырчы Женнифер Лопес жана хип-хоп аткаруучу DJ Khaled 25 миӊ доллар берерин кабарлаган. Ал эми Хьюстон шаарынан чыккан ырчы Бейонсе шаарды калыбына келтирүү үчүн иштеп жатканын жарыялаган.

Америкалык футболчу Жастин Жеймс Уотт 100 миӊ доллар бөлүү менен кайрымдуулук кылууну каалагандарга Интернеттен баракча ачкан.

Британиялык «Coldplay» тобу өткөн жумада урагандан улам концертин токтоткон. Ага арналып жазылган жаӊы «Houston #1» атуу ырын Майамиде өткөн концертинде ырдаган.

Техастын кеӊири аймагын камтыган селде 30 адам көз жумду. 13 миӊден ашык тургун куткарылды. Жаратылыш кырсыгына «Харви" ураганы себеп болгон.

Бороондун чыгымы 2005-жылы Луизиана штатын жабыркаткан "Катрина" ураганынан да көп болгону болжолдонууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!