АКШ бороондон 290 млрд доллар чыгым тартты

12-Сен. 2017, Шейшемби, 15:57

Бул көрсөткүч өлкө экономикасынын 1.5 пайызына туура келет

Ирма жана Харви бороондору АКШны олуттуу чыгымга учуратты. Флорида жана Техас штаттарында болгон жаратылыш кырсыгы 290 миллиард долларлык зыян алып келди. Америкадагы жеке метеоролгиялык “Accuweather” фирмасы бул сан өлкө экономикасынын 1.5 пайызына туура келерин билдирди. Бул көрсөткүч өлкө экономикасында жылдын экинчи жарымында күтүлгөн өсүшкө өзгөртүү киргизээри болжолдонууда.


Ирма ураганына кабылган Флорида штатында талоончулар пайда болуп, эскертүүлөргө карабастан ишканаларды тоноду. Бул боюнча полиция аймакта иликтөө иштерин баштады. Туристтик шаарлар таанылгыс абалга келсе, Майами калаасы сууда калды. Кыркка жакын мектептерде уюштурулган лагерлерге 28 миң адам баш калкалады. 390дон ашык мындай жайларга 72 миңдей адам жайгаштырылган.

3 миллион үйдө электр жарыгы жок
Флорида штатында 6 миллион тургун үйлөрүнөн көчүрүлдү. 3 миллиондон ашык үйлөрдө жана мекемелерде электр жарыгы өчкөн. Жергиликтүү жетекчилер электр жабдууларын калыбына келтирүүгө аз дегенде бир жума же андан ашык убакыт керектигин билдиришкен.


Ирманын күчү азайды
Бороондун Тампа шаарынан Жорджия, Түндүк жана Түштүк Каролина, Виргиния штаттарында таасирдүү болору күтүлүүдө.

Америкадагы Ураган борбору шамалдын күчү 2-катеогрияга төмөндөгөнүн кабарлады. Губернатор Рик Скот Флориданын айрым райондорунда бош калган аймактарда уурулук жана талап тоноолордон улам көчөгө чыгууга тыюу салган чечим кабыл алынганын жарыялады. Ал эми өлкөнүн президенти Дональд Трамп кыска убакытта жабыр тарткан штаттарга келерин билдирген.

АКШда Ирмадан кийин Кариб аркылуу келе турган Жозе бороону болору болжолдонууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!