Ит 52 адамдын өмүрүн сактап калды

25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 11:16

Мексикадагышаарлардын жашоочулары өлкөдө болуп өткөн жер титирөө учурунда лабрадор-ретривер Фрида аттуу иттин көрсөткөн көмөгү үчүн алкыш билдиришүүдө. Жергиликтү флотто кызмат кылган атайын даярдалган жаныбардын аркасында 50дөн ашык адам куткарылды”,-деп кабарлайт “Metro”.

Акыркы жумаларда Фрида Мексиканын бир нече шаарыларын аралап, жер титирөөдөн талкаланган аймактарда болуп жабыркагандарды куткарууга жетишкен. Ит урандылардын алдында калган адамдарды чыгарууга жардам берген. Мексикалык телеканалдар бул ит тууралуу биринчи жолу кабарлап жатышкан жок.

Сентябрь айында Мексиканын Оахака шаарында Фрида бир нече ондогон, анын ичинде оор абалдагы 12 адамды аман алып калууга жардам берген. Иттин машыктыруучулары, өз мекендештери үчүн аягына чейин туруп жардам берерин айтышат.

Эскерте кетсек, Мексикадагы жер титирөөдөн жок эле дегенде 230 адам набыт болгон. Өлкөнүн бийлиги үч күндүк аза күтүү жарыялады. Издөө жана куткаруу иштери күнү-түнү жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!