Атамбаев: “Чала молдолор” элдин башын айлантууда

28-Сен. 2017, Бейшемби, 13:00

Ушул тапта Бишкекте “Азыркы светтик мамлекеттеги ислам" деп аталган эл аралык конференция өтүүдө.

Иш-чаранын ачылышында президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, ислам дининин айланасындагы бир топ жагдайдарга токтолду.

Өлкө башчысы акыркы убактарда ислам дининин ыйык атын жамынып алып, тескери иштерди жасап жаткан террорист, бузуку, жолдон адаштыруучуларга биргелешип каршы күрөшүү маселесин көтөрдү.

“Элибизде “Чала молдо дин бузат” деген таамай айтылган кеп бар. Азыркы учурда чала молдолорду ээрчигендер көбөйдү, алар ислам динине көлөкө түшүрүп жатат. Эгерде биз, мусулмандар биргелешип, динибиздин ыйык атын өзүбүз коргоп, бул жолдон адашкандарга чындыкты айтышыбыз керек”,-деп билдирди.

Эл аралык конференцияга 19 мамлекеттен келген окумуштуу, ислам таануучу, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулуп, мамлекет менен диндин ортосундагы актуалдуу маселелерди талкуулоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!