БУУ: 600 миллиондон ашык бала окуганды билбейт

27-Сен. 2017, Шаршемби, 15:45

Бириккен улуттар уюму (БУУ) ЮНЕСКОнун Статистика институтунун өкүлдөрүнүн баяндамасын жарыялады. Анда дүйнөдөгү билим берүү тармагында көйгөйлөр жазылган.

Документке ылайык мектеп жашындагы 600 миллиондон ашык бала математика боюнча базалык билимге ээ эмес. Ошондой эле окуганды билишпейт.

Билим алууга шарттар Африкада, Түштүк жана Борбордук Азия мамлекеттеринде түзүлгөн эмес. Андан тышкары Түндүк Америка жана Европанын жаштарынын 14 пайызы билимдин базалык деңгээлине ээ эмес.

Баяндамада мындай абал өсүп бара жаткан балдардын кооптуу эмгек шарттарында жана аз акы төлөнүүчү жумуштарда иштей тургандыгынан кабар берери белгиленген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!