АКШдан Түндүк Кореяга жаңы санкциялар

28-Сен. 2017, Бейшемби, 11:16

АКШ Түндүк Кореянын 8 банкына жана чет өлкөдө Пхеньян бийлигинин атынан каржылык иштерди кылган Түндүк Кореянын 26 жаранын санкциялардын тизмесине киргизди.

Казына министрлигинин билдирүүсүндө Түндүк Кореянын 8 банкы жана Россия, Кытай, Ливия, Бириккен Араб Эмиратында (БАЭ) Түндүк Кореянын каржылык системасына салым кошкон иштерди аткарган 26 жаранын санкциялардын тизмесине алынганы белгиленген. Ошондой эле министрлик америкалыктарды белгиленген жарандар же мекемелер менен кандайдыр бир иштерди жасаганга тыю салганы жазылган.

Аталган банктар Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасына салым кошуу максатында иш алып барганы баса белгиленген билдирүүдө Казына министри Стивен Мнучин “Биз Түндүк Корея банктарын, башка мамлекеттердеги өкүлдөрүн бутага алып жатабыз. Бул чектөөлөр Корея жарым аралын тынч жана өзөктүк куралдардан арылган жерге айландырууга арналган кеңири масштабдуу максатыбыз. Ал Түндүк Кореяны толугу менен обочолонтуу стратегиябызды алга сүрөйт”,- деген сүйлөмдөр орун алган.


Белгилей кетсек, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши өткөн аптада Пхеньян бийлигине бир катар санкцияларды киргизүүнү туура көргөн чечимдин долбоорун бир добуштан кабыл алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!