Байлардын акциясы бир күндө төмөндөдү

28-Сен. 2017, Бейшемби, 13:28

Акциялардагы өзгөрүүлөр технология ээлерине таасир этти. Алардын байлыгы 16 миллиард долларга төмөндөдү.

“BusinessHT” порталынын кабарына караганда аптанын алгачкы күнүндөгү акциялардагы өзгөрүлөр ири технология ишканаларынын ээлеринин акцияларында да төмөндөөлөргө себеп болду. Анын таасири эң көп “Facebook” социалдык тармагынын ээси Марк Цукербергге тийип, байлыгында 3,2 миллиард доллар төмөндөө байкалды. Кийин орунда 1,3 миллиард доллар менен кытайлык “Alibaba” компаниясынын ээси Жек Ма турса, “Amazon” ишканасын негиздеген Жефф Безостун байлыгы 1,2 миллард долларга түштү.

“Bloomberg” компаниясынын миллиардерлер боюнча индексине ылайык 59 технологиялык ишканаларына ээлик кылгандардын байлыгы 942 миллиард долларга жетет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!