Ай менен Марста жашоого ылайыктуу жерлер табылды

28-Сен. 2017, Бейшемби, 14:19

Падуя менен Болония университеттеринин окумуштуулары Ай менен Марста адам жашай алган жерлерди табышты. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымдады.

Асман денелеринин рельефин изилдеген адистер «келечекте Ай менен Марстагы үңкүрлөр менен «лава түтүктөрү» жашоого боло турган жерлер деген жыйынтыкка келишти.

Окумуштуулар үңкүрлөр менен түтүктөр адамды космостук нурлар менен метеориттерден коргой алат деп болжошууда.

«Лава түтүктөрү» — жанар тоодон бир мезгилдеги агып чыккан лавадан улам пайда болгон каналдар. Лаванын үстункү катмары тез муздап, ал каттуу кабыкка айланат. Ал эми анын ичиндеги суюк лава бара-бара туннель болот. Эксперттердин айтуусу боюнча мындай туннелдин узундугу 65 чакырымга жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!