Канализациядан “алтын кени” табылды

13-Окт. 2017, Жума, 11:21

Швейцария Федералдык Суу илимдери жана технологиялары институтунун окумуштуулары изилдөө жүргүзүп көрүп өлкөнүн канализация системасынан жыл сайын 43 килограммага жакын таза алтын агарын аныкташты.

“Bloomberg” институтунун иликтөөсүнө таянган кабарда Швейцариядагы канализация системасына аккан таза алтындын өлчөмү жылда 1,8 миллион долларлык жоготууга себеп болгону жазылган.

Маалыматка ылайык швейцариялык илимпоздор эң ири алтын топтомун өлкөнүн түштүгүндөгү Тичино аймагынан табылганын белгиледи.

Окумуштуулар жалпысынан 64 өндүрүштүн канализациядагы сууларын анализдеген. Анда алтындан тышкары 3 тонна күмүш чыккан. Бул өлчөм жылына 1,7 миллион долларлык жоготууга жол ачары белгилүү болду.

“Bloomberg” дүйнөдөдө алтын өндүрүүнүн 70 пайызы Швейцарияга туура келерин кошумчалашкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!