Каталониянын лидери качты

31-Окт. 2017, Шейшемби, 11:05

Каталония автономиялуу аймагынын лидери Карлес Пучдемон Испания өкмөтү тарабынан камакка алынуу коркунучунан улам Бельгиядан баш паанек алды.

Буга чейин Бельгия Каталон лидеринен баш паанек талабы болсо кабыл алынарын билдирген.

Сурак алдында Брюсселге качты

Испаниянын аймактык прокурору Каталония лидерлерин Испаниядан бөлүү аракеттерине каршы козголоңго байланыштуу чакырык жасады. Башкы прокурор Хосе Мануэль Маза коомдук фонддорду кыянаттык менен пайдаланганы менен айыптады.

Мадриддеги нааразычылык акцияга, козголоңго түрткү болгону, кызматын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн суракка алынганы жаткан лидер Карлес Пучдемон кызматтан алынган башка Каталон жетекчилери менен бирге Бельгиянын борбору Брюсселге кеткени белгилүү болду.

Испаниялыктар тастыктады

Испания өкмөтү Каталониянын лидери баш болгон айрым жетекчилер Бельгиядан баш паанек алганын тастыктады.

Буга чейин Бельгиянын Качкын жана миграция министри Тео Франкен Каталония автономиялуу аймагынын башчысы Карлес Пучдемондон сунуш болсо баш калкалоо укугу берилерин белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!