Көмүр кычкыл газы чегинен ашты, эмне болот?

31-Окт. 2017, Шейшемби, 17:21

Дүйнөлүк Метеорология уюму (WMO) 2016-жылы атмосферада көмүр кычкыл газынын көптүгү рекорддук көрсөткүчтөн ашканын белгиледи.

Буга байланыштуу билдирүүнү жасаган WMOнун Башкы катчысы Петтери Таалас мындай көрсөткүч 3 миллион жылдан бери эч катталбагандыгын баса белгилеген. Ал өз сөзүндө 2100-жылга чейин глобалдык жылуулуктун көбөйүүсүн токтотууну көздөгөн Климат боюнча Париж макулдашуусуна токтолуп, “чындыгында жаңылыш багытта бара жатабыз”,-деди.

Климаттагы өзгөрүүлөр менен күрөштүн алкагында 2016-жылдын 4-ноябрында күчүнө кирген Париж макулдашуусуна 190дон ашык өлкө кол койгон. Аталган документ эң көп колдоо тапкан келишим болуп саналат.

Ал глобалдык ысыктын көбөйүү лимитин кылымдын аягына чейин 1,5-2 градустун ортосунда чектөөнү көздөйт. Дүйнөлүк Метеорология уюму айрыкча бул көбөйүүгө "Эль-Ниньо" деп аталган океандык процесстер жана антропогендик ишмердиктер салым кошконун белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!