Нью-Йорктогу кол салууда 8 адам көз жумду

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:58

31-октябрда Нью-Йоркто теракт болду. Анда төмөнкү Манхэттенде жергиликтүү саат 15тер чамасында белгисиз адам башкарып бара жаткан авто унаа элдин аралап, мектептин унаасын сүзүп барып токтогон. Унаадан түшкөн куралчан айдоочуну аймактагы полиция тобу таасирсиз абалга келтирген.

Нью-Йорктун мэри Билл Де Блазио окуяны террордук кол салуу катары сыпаттады.

Алган жаракаттарынан алты адам окуя болгон жерде, экөө ооруканага бара жаткан жеринен көз жумган. Алардын арасында Аргентина жана Бельгиянын жарандары бар экени айтылууда. Дагы 11 адам ооруканада оор абалда жатканы маалымдалды.

Американын маалымат каражаттары кол салуучу Флорида шаарында жашап жаткан 29 жаштагы Сайфулл Саипов аттуу жаран экенин жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!