Принцтин тою экономикага таасир этеби?

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:35

Тактыдагы кезеги боюнча бешинчи орунда турган Принц Гарри Уэльский жана актриса Меган Марклдин 2018-жылдын жаз айларында үйлөнөөрү белгилүү болду. Алардын тою Англия экономикасына терс таасирин тийгизеби деген суроо өлкөдө талкуу жаратууда.

Никелешкени жарыялаган Англия принци Принц Гарри жана Меган Марклдин тою үчүн расмий эс алуу жарыяланары Англиянын жайлап калган экономикасына терс таасирин тийгизери белгиленди.

“Financial Times” гезитинин кабарына ылайык келерки жылы өтө турган үйлөнүү үлпөтү банк жана өндүрүш тармагына сезилиши мүмкүн. Эс алуу жарыяланса бир топ жумушчулар ишке чыкпай, кирешелердин олуттуу өлчөмдө азаюсу күтүлөт.

Принц Уильямдын тоюнда ИДӨ 0.4 пайызга азайган

Королдуктагы мурдагы үлпөт тойлордон келип чыккан эсептерден улам Англия экономикасына кыска мөөнөткө болсо да алардын таасири сезилери болжолдонду.

“Financial Times” басылмасындагы кабарда 2011-жылы принц Уильям жана Кейт Миддлтондун үйлөнүү үлпөтүндө жарыяланган эс алуу күнүнөн улам Англиянын Ички дүң өндүрүмүнүн 0.4 пайызга төмөндөгөнү, айрыкча банк жана өндүрүштө кирешелер азайганы белгиленген. Ошол эле мезгилде өлкө экономикасы кыска мөөнөттө калыбына келгени да жазылган.

Принц Чарльз жана леди Диананын 1981-жылы өткөн тойлору туризмди жандандырган. Ошондой эле экономикалык кризис мезгилинде Англия экономикасынын өсүшүнө салым кошкон.

Англия өкмөтүнөн келген билдирүүдө принц Гарринин үлпөтүнө байланыштуу эс алуу жарыяланары азырынча пландалбаганы жазылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!