Түндүк Корея: сынак ийгиликтүү аякталды

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 17:30

Түндүк Корея бүгүн, 29-ноябрда “Hwasong-15” аттуу континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынаганын билдирди.

Өлкө лидери Ким Чен Ындын буйругу менен жасалган сыноонун ийгиликтүү аяктаганын белгилеген билдирүүдө бул ракета АКШнын жерлерине жете турган мүмкүнчүлүгү бар экени жазылган.

АКШнын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын ракета сынаганын айткан. Пентагондун маалымат кызматынын жетекчиси Роб Маннинг ракета бир чакырым учкандан кийин Япон деңизи тарапка түшкөнүн билдирген.

Бул боюнча билдирүү жасаган АКШнын президенти Дональд Трамп “Муну менен алакетенебиз. Колго алып, баа бере турган абал”,-деди.

Пхеньян бийлиги акыркы жолу орточо аралыктагы баллистикалык ракетасын 15-сентябрда сынаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!