Сирия кризисин чечүү аракети жүрүп жатат

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:56

Сирия кризисин чечүү боюнча Женева шаарында 8-айлапмасы өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө оппозиция бийликке көбүрөөк кысым көрсөтүүнү талап кылды.

Анда оппозициянын атынан делегацияны баштап барган Наср Аль-Харири Дамаск бийлигине көбүрөөк кысым көрсөтүүнү талап кылды. “Эпке келүү, бул боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алты ай аралыгында саясий чечимге жетиши үчүн бийликке көбүрөөк кысым көрсөтүлүшүн талап кылабыз”,-деди.

Дамаск шаарына жакынкы Чыгыш Гута аймагында 48 саатка ок атышуу токтогонуна карабастан шаршембиде өкмөттүк күчтөр бомбалады. Женева сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу Россия тараптын эпке келишүү сунушу оппозициянын көзөмөлүндөгү Чыгыш Гутада тынчтыкты камсыздай алган жок.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) гуманитардык жардам кербени өткөн август айынан бери биринчи ирет Чыгыш Гута аймагындагы Дума шаарына жүк жеткирди. Ал жактарда 65 миң балдардан турган 150 миңге жакын тургун 2013-жылдан бери курчоодо жатат.

БУУнун өкүлдөрү бул жылы Чыгыш Гутадагы 400 миң адамдын жүз миңине гана азык-түлүк түрүндө жардам берилгенин белгиледи.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!