АКШ - КЭДР: “Биз силерди жок кылабыз!”

1-Дек. 2017, Жума, 12:21

Пхеньян кезектеги баллистикалык ракетасын сынагандан кийин Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши кезексиз жыйын өткөрдү. Анда БУУдагы АКШнын туруктуу өкүлү Никки Хейли аскердик аракеттер башталса түндүк кореялык режим толугу менен жок болорун айтты.

“Биз Түндүк Корея менен согушту эч качан издеген эмеспиз. Эми деле каалабайбыз. Бирок согуш башталса уланган агрессиянын арты кандай болот. Андай болсо түндүк кореялык режим толугу менен жок болорунуна күмөн санабагыла”,-деди ал.

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя “Россия Түндүк Кореянын өзөктүк держава статусун алуу жөнүндө талаптарын кабыл албайт. Ошондой Пхеньяндын ракеталык-өзөктүк программасын токтотуу, Корей жарым аралын куралсыздандыруу боюнча Коопсуздук кеңешинин резолюциясын колдойт",-деди.

Расмий Пхеньян ракетаны кое берүү боюнча сүрөттөрдү жарыялаган. Андан улам баллистикалык куралдын радиусу мурдагыларга караганда узак болору болжолдонууда. Ошондой эле түзүмдү жок кыла албагандай коргоочу функция менен жабдылганын “Рейтер” агенттиги жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!