Абактагы кыйноолор ачыкка чыкты

1-Дек. 2017, Жума, 13:27

Бразилиянын прокуратурасы Гояс штатындагы абактарда зомбулуктарды изилдөөгө киришкени турат. Үч жыл мурда көзөмөлчүлөр куралсыз түрмөдө жаткандарга электрошокерлерди жана дубинкаларды колдонуп жатканы тууралуу видео жарыяланган.

Электрошокерлер камерада уктап жатканда колдонулган. Штаттын башкы прокурорунун пикири боюнча бул кадрлар өлкөдөгү пенитенциардык системадагы башаламандык жана зомбулуктан кабар берет.

Зомбулук Бразилиядагы абактарда кадимки көрүнүш экенин 60 адамдын өмүрү кыйылган Манаус шаарындагы түрмөдөгү башаламандыктарды тергөөнүн жыйынтыгы көрсөттү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!