Ноель базарында кайрадан террор коркунучу

2-Дек. 2017, Ишемби, 12:22

Германияда Ноель базарлары бул жылы да террордун көлөкөсүндө калды. Базар бошотулуп, издөө иштери учурунда табылган бомба түзүмү таасирсиз абалга келтирилди.

Бранденбург полициясы социалдык медиа тармактарына шектүү баштык таасирсиз абалга келтирилгени боюнча билдирүү таркатты.

“Иликтөө иштери жүрүп жатат. Ноель базарынын айланасында жарылуучу түзүмдөрдүн болушу толук мүмкүн. Издөө иштери уланууда”,-деп айтылат билдирүүдө..

Берлинде өткөн жылы 19-декабрда жанкечти жүк ташуучу унаа менен Ноель базарын аралап кеткен. Окуяда 12 адам көз жумса, 70ке жакыны жарат алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!