Өмүрбекова төрага орун басарлыгынан кетти

Өмүрбекова төрага орун басарлыгынан кетти
6-Дек. 2017, Шаршемби, 12:48

Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова төраганын орун басары кызматын тапшырды.

Депутат парламенттин бүгүнкү жыйынында өз каалоосу менен кетип жатканын айтып, жазган арызын окуп берди.

Ал оппозициялык делген "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылыштарында депутат болуп келген. Ал төраганын орун басары кызматын 1,5 жыл аркалады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!