Банктагы акчаны чычкандар кемирүүдө (видео)

13-Янв. 2018, Ишемби, 11:25

Социалдык тармакта Казакстандагы банктардын биринде акчаны чычкандар кемирип жаткан тууралуу видео жарыяланган. Бул тууралуу “NUR.KZ” сайты билдирет.

Видеодо банк кызметкерлери банкоматтын кассетасын ачкан кезде анын ичиндеги акчаларды чычкандар кемирип таштаганы тартылган. Алар «чычкандарды» тирүүлөй кылмыш үстүнөн кармап алышкан. Бирок, кыздар тирүү чычкандарды көргөндө өздөрү коркуп ызы-чуу салышкан.

«Бүтүндөй мафия го булар»,-дейт видеону тарткан адам.

Видеонун аягында окуя күбөлөрү бул тууралуу банктын коопсуздук кызматкерлерине кабар берүү керек экенин айтышат. Видеоматериалдан чычкандар кем дегенде 100 миңге теңгеге жакын акчаны кемирип таштаганын көрүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!