Россия: базага кол салгандар жок кылынды

13-Янв. 2018, Ишемби, 12:26

Россиянын Коргоо министрлиги Сириядагы Хмеймим аба базасына кол салууну уюштурган согушкерлердин тобу жок кылынганын билдирди.

2017-жылдын 31-декабрында Хмеймим аба базасына кол салган согушкерлер Идлибтин батышындагы аймактан табылган. Аларга каршы операцияны Россиянын атайын күчтөрү ишке ашырган.

Коргоо министрлигинен билдиргенине караганда террорчулар автобуска түшүп кетип бара жаткан жеринен жок кылынган.

Министрликтин маалыматы боюнча 31-декабрдагы кол салуудан 2 аскер курман болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!