Бейтаптын бооруна кол тамга калтырган дарыгер

13-Янв. 2018, Ишемби, 13:32

Бирмингемдин королдук соту эки бейтаптын бооруна лазер менен өз атын жазган британиялык дарыгерге 10 миң фунт стерлинг же 13,4 миң доллар айып пул салганын “Independent” гезити жазды.

53 жаштагы хирург Симон Брэмхолл 2013-жылы эки бейтаптын донордук бооруна өз атынын баш тамгаларын лазер менен чеккен. Инициалды анын кесиптештери экинчи ирет жасалган операция учурунда байкашкан.

Хирург атын калтырууга тамырларды бууй турган лазердик түзүмдү пайдаланган. Жазуулар органдын иштөөсүнө таасир этпейт жана акырындык менен жоголот.

Сот Пол Фаррер операции көпкө созулган, татаал операция учурунда дарыгердин кылганын кылмыш деп эсептеди. Ошондой эле кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, бейтаптын ишенимин актабоо сыяктуу жүйөөлөрдү келтирип, дарыгерди 12 ай коомдук иштерге катышпоону өкүм кылды.

Хирург Симо Брэмхолл Бирмингемдеги королева Елизавета IIнин госпиталында 12 жыл эмгектенген. Студентерге, аспиранттарга сабак бергенден тышкары илимий иштер менен алектенген. Наркоздо жаткан бейтапка карата этикага сыйбаган кылыгы үчүн айыпталгандан кийин аны дарыгерлик тажрыйбасынан ажыратышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!