“Люкс абак” кайрадан меймандарына эшик ачты

16-Янв. 2018, Шейшемби, 12:34

Сауд Арабияда ноябрь айынын башындагы паракорчулук сурагынан кийин ондогон принц, ишкерлер жана жогорку кызматтагы жетекчилер камалган Риаддагы “Ritz-Carlton” мейманканасына кардаларга кайрадан эшигин ачты.

“Reuters” агентигине маек берген мейманканын жетекчиси 14-февралда кабыл алуу башталарын атты. Мейманканадагы эң арзан бөлмөнүн баасы бир түнөгөнгө 650 доллар турат.

Эскерте кетсек, дүйнөдөгү “эң люкс абак” атка конгон Риаддагы “Рitz-Carlton” мейманканасына ноябрь айынын башындагы Сауд Арабияда паракорчулукка шектелген байлар, мамлекеттик кызматкерлери камалган.

Алардан күнөөсүн мойнуна алгандар байлыгынын бир бөлүгүн мамлекетке өткөрүү жолу менен бошотулганы белгилүү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!