Филиппинде жанар жанданды

24-Янв. 2018, Шаршемби, 15:18

Филиппиндердеги Майон вулканы ойгонуп, бийиктиги беш чакырымга жеткен күл бүрккөн. 23-январда жанардын активдүүлүгү тездик менен жогорулаган. Жарандык авиацияга, жергиликтүү калкка вулкандын күлүнөн алыс болуу эскертилген. Мектептерде сабактар убактылуу токтогон.

Белгилей кетсек, өткөн бейшембиде сейсмологдор лава үч чакырымга агарын билдирген. Күл катмарында эл жашаган эки пункт калган. Андагы 12 миң тургун полиция жана аскерлердин жардамы менен көчүрүлгөн.

Буга чейин окумуштуулар 2018-жылы алты жанар тоо ойгонорун айткан. Анда жогорку чектеги коркунучтар Индонезия, Япония, Мексика, Эфиопия жана Филиппинде күтүлөрү кошумчаланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!