Британиялык айымдар океан аркылуу жарышты

24-Янв. 2018, Шаршемби, 18:34

Британиялык үч айым трансатлантикалык “Talisker Whisky Atlantic Challenge” жарышында жылдыз болгон Шэрон, Элайн жана Диана кырк күндөн бери сүзүп келе жатат. Алар жарышка катышкан аялдардын жалгыз тобу.

Аба ырайынын шарттары, дүйнөдөн обочолонуу, чарчоону эске алганда бул абдан татаал оюндардын бири.

“Барыбыз кырк жашка чамаладык. Биздин курактагы айымдарга дем күч берсек дейбиз. Ал эми утушка ээ болсок кайрымдуулукка жумшайбыз”,-деди Шэрон.

Poppy аттуу кайыгы менен алар 3 миң деңиз миль аралыкты басып өтүшү керек. Анда Ла Гомер аралынан Атлантика аркылуу Канар архипелагы болгон Антигуа аралынан Кариб деңизине чейин жетүү пландалган.

Жарыш декабрдын ортосунда Ла Гомер аралында башталган. Акыркы чеги Кариб деңизиндеги Антигуа аралы болуп саналат.

Жарышка 25 команда катышса, алардын төртөө жолдун жарымына жетпей оюндан чыккан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!